Кыргызстандагы шайлоонун шайтан оюндарына кайсы бир деңгээлде шайлоо жѳнүндѳгү мыйзамдар да себепчи болору белгилүү. Андай болсо алдыдагы шайлоо ызы-чуулар менен коштолобу? Минтип ойлоого да омоктуу негиз болууда.
БШК мүчѳсү Кайрат Маматов шайлоо жѳнүндѳгү мыйзамдар чийки экенин, кайрадан иштеп чыгууга муктаждыгын, ансыз шайлоодон кийин нааразылыктар орун алышы ыктымалдыгын билдирди.
Анын айтымында, шайлоо боюнча мыйзамдарга ылайык, аялдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын парламентке шайлануусу кыйынга турат. Анткени, Жогорку Кеңеште аялдар 30 %ды түзүшү керек, тагыраагы, партиялардын тизмесиндеги ар бир 4-позицияда аялдар туруусу зарыл. Бирок аялдар жетиштүү добуш ала алышпаса, анда алар шайлана алышпайт. Мындай шартта кандай жол менен алар шайланып келишет? Эркек талапкерлер мандаттарын беришеби? Андай болушу да мүмкүн эмес.
Кайрат Маматовдун айтканында жүйѳ бар, кошулбай коюуга да болбойт. Бул ѳңүттѳн алганда, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы Акаевдин кезиндегидей жалаң мырзалардан турган парламенттерден болот ѳңдѳнѳт.
Булак: “Майдан. kg” гезити