Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Бүгөн бир кабар угуп калдым, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ленин эстелиги жөнүндө кеп кылыптыр. "Эл чечим кабыл алса эстелик алынат", - дептир... Башка көйгөй Ошто калбаптыр...

Балыкчыда эстеликти алып койдуң, шаардыктар жыргап кетиштиби?

Алмаз иним, сураныч ушундай иштериңди таштасаңчы!

Кыргыз мамлекетүүлүгүнө шарт түзүп берген кишилердин бири жана эң негизгиси - Владимир Ленин болгон, мындан эч ким танбайт.

Акылы жок адам, колунан жакшы иш келбеген киши эстеликтер менен күрөшөт.

Андан көрө, токтогон ишканаларды жандандырсаң, жетпеген мектептерге көңүл бургун, Алмаз...