Чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер, кыргыз мамлекетинин түптѳѳчүлѳрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун тѳрѳлгѳнүнѳ 120 жыл болду. Ѳлкѳбүздүн кѳз карандысыздыгынын 30 жылдыгынын урматына улуу инсандын юбилейи мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдѳ.
20 жашында мамлекеттүүлүктү курууга катышкан Жусуп Абдрахманов күндѳлүк түзүп, ага ошол кездеги саясий, коомдук, экономикалык ѳзгѳрүүлѳрдү, ишке ашырылган реформаларды, кѳйгѳйлѳрдү жазып келгендиги тарыхтардан белгилүү. Ал ѳз күндѳлүгүнѳ «тагдыр буйруган экен, улуу тарыхый окуялардын күбѳсү болдум» деп жазганы бар. Эми Ж. Абдрахмановдун күндѳлүгү менен ар бир кыргызстандык таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Жакынкы убакытта Президенттик аппараттын кѳзѳмѳлү алдында Ж. Абдрахмановдун күндѳлүгүн толук версиясы басылып чыкканы турат.
Булак: “Майдан. kg” гезити