Таштанды ар бир эле чоң шаарлардын көйгөйлүү маселеси болуп эсептелет. Ошол эле учурда акыр-чикир, таштандыны кайра иштетип, андан пайда көргөндөр да жок эмес. Мисалы, бул багытта биз билгенден 12 млн. калкы бар Түркиянын эң чоң шаары Стамбулдун муниципиалитет башчылыгы таштандыларды кайра иштетүү менен алгач газ, андан соң электр энергиясын өндүрүп, жок дегенде 200 миң адамды камсыз кылууну жолго койгон.

Эми түрк туугандар Бишкек мэриясынын башкы баш ооруусу болгон таштанды полигонун да өндүрүш ишканасына айлантмакчы.

23-августта, заводдун курулушу жана долбоорлоо боюнча меморандумга кол коюлду. Бул иш-чарага мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев, инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана түркиялык Biotrend Energy компаниясынын директору Илхан Доган катышты.

Маалыматта документке кол коюлгандан кийин компания заводдун курулушунун долбоорун сунуштап жана техникалык-экономикалык негиздемени даярдоого милдеттүү экени айтылды. Мындан сырткары, аталган тарап долбоорду каржылайт, анын ичине долбоорлоо, курулуш жана пайдаланууга берүү иштери камтылат.

Мэрия жана министрлик өзүнүн компетенциясына жараша жана мыйзамдардын алкагында көмөктөшмөкчү.

Муниципалитеттен Түркиялык компания өлкө боюнча катуу таштандыларды иштетүү боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөргө, электр энергия өндүрүүгө жана жылуулукту иштеп чыгууга каражат саларын билдирди.

Ошентип жакын арада Бишкек шаары үчүн таштанды көйгөйлүү маселе болуудан, электр энергиясын, жылуулукту берген кирешелүү булакка айланмакчы.

Булак: “Майдан. kg” гезити