Кыргыз элине кыргын салып, 36 бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрүн кыйгандыгына жана бир милилард сомдон ашык материалдык зыян келтиргендигине канааттанбаган же эл аралык коомчулуктан уялбаган тажик армиясы өз элин тукуруп, тийиштик кылгандыгын дале токтото элек.

Мисалы, өткөн жумада Кыргызстандын стратегиялык аймагы болгон Баткен районундагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймакта аң казып киришти. 21-августта эртең менен Тажикстан “Головнойдун” жанында чек ара сызыгына жакын шагыл түшүрүп, жол оңдой баштаган. Кыргыз-тажик чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кечки саат беш жарымда тажик тарап жол оңдоо, аң казуу ишин токтоткон. Бирок 22-август күнү эртең менен тажик тарап ортодогу келишимге карабай аң казуу иштерин кайрадан уланта баштаган.

Андан тышкары Ак-Суу дарыясынын батыш тарабына экскаватор, беш КамАЗ менен келип аң казган. Чек ара кызматы аталган иштерди Тажикстандын Исфара шаарынын жетекчилиги жүргүзүп жатканын билдирген.

22-августа  караган түнү Баткен-Исфана унаа жолунун Эки-Таш аймагында белгисиз бирөөлөр Ошту көздөй бара жаткан эки унаага таш ыргытышкан.

Анын кесепетинен “Мерседес-Бенцтин” эшиги талкаланып, “Хонда Стримдин” терезеси сынган. Ал эми жүргүнчү жана айдоочулар жабыркаган эмес.

23-июнда Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы аталган окуя боюнча “майда бейбаштык” беренеси менен иш козголгонун билдирди. Окуя Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте иликтенет.

Бирок биздин укук коргоо органдарыбыз тажик бийлигинин өз элин тукуруп, алгач таш ыргыттырып, андан соң чоң чатак чыгаруу ыкмасы бар экендигин билип коюусу зарыл.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити