Айдоочулардын жол эрежесин сактабагандыгынан жана өтө жогорку ылдамдыкта айдагандыгынан улам быйылкы жай айларында өтө көп кырсыктар катталып, бейкүнөө жүргүнчүлөрдүн өмүрү кыйылууда. 23-августта Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жол кырсыгынан тогуз адам каза таап, дагы бир киши жаракат алды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, “Хонда Степвегон” унаасы менен “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам - алты аял, эки эркек жана бир жаш бала каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Министрликтен билдиришкендей, кырсык болгон жерге беш куткаруучу тартылган. Алар маркумдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Кубакы ашуусунда 17-августта 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан “Мерседес-Бенц-Спринтер” жана оор жүк ташуучу “МАН” унаалары кагышып, жети адам каза болгон.
Расмий маалымат боюнча, 2021-жылдын алты айында эле 3 396 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 329 киши каза тапты. Бул адам өмүрүнүн согуш мезгилинде кыйылгандыгына барабар сан. Болгондо да жаш балдар, аялдар жолдо баратып, кайдагы бир жоопкерчиликти сезбеген айдоочунун айынан өмүрүнөн айрылып жатпайбы.
Бир чети “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында бир эле чоң шаарлардын көчөлөрүнө эмес, эл аралык деңгээлдеги трассаларга да көбүрөөк орнотуу керек болууда. Себеби айдоочулар камера бар жерде тиешелүү ылдамдык менен айдашып, ал эми камера жок жерде өтө чоң ылдамдык менен айдашат. Мындан тышкары жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлорду көбөйтүп, аларды жалаң эле “шабашка” жасоо менен алектенбей, айдоочуларга эскертүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү да милдеттендирүү туура болмок.
Булак: “Майдан. kg” гезити