Акыркы бир-эки жумада борбор калаабызда сүннөт көйнөк, бутуна кадимки эле тапичке кийген, узун бойлуу, 35-50 жаштардын тегерегиндеги эркек адамдардын 5-6дан болуп ээрчишип жүрүшү жергиликтүү жашоочуларды таң калтырып, бир чети чочутууда. Анткени Афганистанда “Талибан”* кыймылы бийликке келип, миңдеген афганистандыктар жаш-карысы, аял-эркеги калбай туш келген жакка качып жаткандыгы жана талибдердин үрөй учурган зомбулугу ансыз деле баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алып койбодубу. Ошондуктан алгач көпчүлүгүбүз бул “чакырылбаган конокторду” качкын афгандар деп ойлогонбуз. Бир чети бирди эки, экини он кылып айтып, арадай жерге чарадай ызы-чуу салганды “хоббисине” айланткан кээ бир социалдык тармактардын колдонуучулары пакистандыктардын сүрөттөрүн жайгаштырып, ансыз деле талибдердин дүбүртүнөн чочулап турган коомчулукту ого бетер дүрбөтүп коюшту.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, быйыл 1-июндан баштап 18-августка чейин Кыргызстанга Пакистандын 7447 жараны келип, 4000 миңдейи кайра учуп кетишиптир. Ал эми быйыл жайкы үч айдын ичинде эле өлкөбүзгө 850 060 чет элдик турист келип, 829 811 чыгып кетишкен.

Мындан тышкары учурда Пакистан, Индиянын миңдеген студенттери өлкөбүздүн ЖОЖдорунда билим алышууда. Буга байланыштуу Кыргызстандагы Пакистан студенттеринин федерациясы атайын кайрылуу жасап, элди туура кабыл алууга чакырды.
Маалыматка ылайык, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираты пакистандыктардын түз кирүүсүнө тыюу салып койгондуктан, алар бир чети арзаныраак, экинчиден түз самолёт учкан Бишкекти тандап алышып, бул жерде 15 күн болушуп, андан кийин аталган мамлекеттерге учуп кетишет экен. Ал эми экономикалык көз караштан алганда, “бут кирсе, кут кирет” демекчи, жерибизге келген ар бир чет элдик инвестиция эмеспи. Мындан тышкары ЖОЖдорубузда окуган ар бир студент жылына 10 миң доллар коротот. Эгер маселени бир жактуу карай берсек, анда ансыз деле эңшерилип турган экономикабыз эмне болот?

*Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл

 

Булак: “Майдан. kg” гезити