Акыркы күндөрү Бишкектин көчөлөрүндө пуштун кийимин кийген чет өлкөлүк жарандар көбөйүп кеткени тууралуу маалыматтар көп чыгууда. Афганистандагы кырдаалга байланыштырып, булар ошол жактан келген качкындар окшойт деген божомолун айткандар да жок эмес. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев бул боюнча түшүндүрдү.
- Акыркы күндөрү өлкөбүздүн борборунда жана Ысык-Көлдө чет өлкөлүк жарандар жүргөнүн сүрөткө тартып соцтармактарга ар кандай маалыматтарды билгени да билбегени да жазып жатышат!
Өлкөбүздө жүргөн чет өлкөлүк жарандар 1 айлык туристик виза алып келген туристтер алардын бир айлык туристик визасы мыйзамга ылайык узартууга болбойт. Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга келүүгө визаны онлайн Е-Виза системасы аркылуу эч кандай мамкызматкердин аралашпастыгы менен алышат.
Бул туристтердин үчүнчү өлкөгө бара турган визалары же ПМЖсы бар жарандар, биздин мамлекетибизде калып кетем деген оюу да жок!
Өлкөбүзгө канча көп туристер келсе ошончолук көп акча каражатын таксиге, тамак-ашка, жатаканага, гидтерге, аэропортко жана башка нерселерге сарптап таштап кетет. Ар бир турист 15 күндөн 1 ай ичинде жок дегенде 500$дан 1000$ мамлекетибизге сарптап, таштап кетсе эмнеси жаман?
Азыр Коронавирус пандемия убагында элибиз кыйналып турганда четден акча келип сиз менен бизге таштап кетсе жакшы эмеспи? - деди Айбек Артыкбаев.