«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 25000ге жакын медайымдар бар, алар фельдшердик акушердик пункттардан тартып, адистештирилген ооруканаларга чейин саламаттык сактоо системасынын баардык деңгээлинде калкка кеңири кызмат көрсөтөт», - деп билдирди Медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гульназ Ажымамбетова.
Калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө боюнча чоң компания жүрүп жатканда, медайымдар пациенттерге COVID-19 вакцинация жөнүндө маалымат берип, эмдөө жүргүзүшүп, эмдөөдөн кийинки кыйынчылыктардын мониторингине катышып жатышат. Медайымдар жаңы төрөлгөндөн карыганга чейин адамдын өмүр бою муктаждыктарына багытталган комплекстүү медициналык жардам көрсөтүү менен улуттук ден соолуктун артыкчылыктарына чоң салым кошушат.
Медайымдардын адистери COVID-19 менен ооругандан кийинки бейтаптарды реабилитациялоодо, ден соолук жана гигиена маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууда, ошондой эле медициналык жана психикалык жардам көрсөтүүдө чечүүчү ролду ойношот.