Жапаров Нурбек Изабеков менен Мейрамбек Ахметовго акчалай сыйлык берди

Машыктыруучу Нурбек Изабеков бүгүнкү спортчуларды сыйлоо аземинен 8 миллион 150 миң сом сыйлык алды.

- Урматтуу мекендештер жана урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич, кыргыз  спортун ар тараптуу колдоп, спортчуларыбызды олимпиадада колдоп, дем берип турганыңыздарга ыраазычылык билдирем. Олимпиада оюндарынан мекенибизге ийгиликтүү кайтып келгенде спортчуларды жана машыктыруучуларды жогорку деңгээлде тосуп алганыңыздарга жана бүгүнкү сыйлоо аземине, спортчуларыбызды, машыктыруучуларыбызды, дарыгерлерибизди спорт федерацияларынын мүчөлөрүнүн эмгегин жогору баалап, татыктуу сыйлыктарды тапшырып жатканыңыздарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз машыктыруучулар жана спортчулар мамлекетибиздин өнүгүшүнө,  мамлекетибиздин эл аралык деңгээлде аброю көтөрүлүшүнө талыкпастан эмгек жасайбыз. Келе жаткан Олимпиада оюндарында бир нече алтын медалдарды жеңип алууга талыкпай эмгектенебиз, - деди Изабеков спортчуларды сыйлоо аземинде сүйлөп жатып.