Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

Машыктыруусу Майрамбек Ахмедов спортчуларды сыйлоо аземинде 2 миллион 500 миң сом менен сыйланды.

- 2008-жылы менин окуучум Канат Бегалиев күмүш медал алганда мага сөз берилген эмес. Азыр сөз берилгенине  аябай толкунданып жатам. Спортсмендерди жана машыктыруучуларды кабыл алып, куттуктап, эмгегибизди баалап жатканыңарга ыраазычылык билдирем. Спортчуларга, машыктыруучуларга болгон  мындай колдоо менен буюрса Париж жана башка Олимпиадаларда кыргыздын желегин желбиретип, алтын медалга жетебиз деп ниет кылам. Бизге ким ишенип, ким колдосо баарына ыраазычылык билдирем. Буюрса, ар бир олимпиадалык оюнда кыргыздын желеги желбиреп, туусун бийик көтөрүлсүн.