“Оорудан айыккан жарандардын бардыгы органдын жана организмдин жабыркаганына карабастан ден соолугун толук калыбына келтирүү (реабилитация) абзел, ɵзгɵчɵ орточо жана оор формасын ооругандарга. Илдеттен айыкандан кийин ден соолугун калыбына келтирүү ар түрдүү болуп жана оорунун оорлугуна жана организмдин ɵзгɵчɵлүгүнɵ жараша болот”, - деп билдирди Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдɵɵ институнун башкы дарыгери Акбарали Махмадиев.

 Ал оорудан айыккан адамдын организминин жана органынын бузулган функцияларын калыбына келтирүү жана майып болуунун алдын алуу учүн реабилитациядан өтүү сунушталат деп белгиледи.

 Реабилитация эрте жана комплекстүү болуш керек, реанимация жана интенсивдүү терапия палатасында (ПИТ), бейтапдын акыбалы турукташуудан кийин башталат.

Мультидисциплинардык команда: дарыгер, физиотерапевт, психолог жана башка адис, инструктор ДТМ түзүлүп жеке реабилитация программасын иштеп чыгуу зарыл болот.