“Манастын уулу Семетей” аттуу көркөм фильм тартыла тургандыгы жөнүндөгү кабар телерадиодон берилип, газеталарга жазылып, рекламаланып жатат. Буга биз кубанабыз.

“Манастын уулу Семетей” драмасынын автору, маркум Жалил Садыковдун төмөнкү эскерүүсүн алдыга тарталы: “Биз, бир топ жолдоштор менен Бишкектен чыгып, Алматыга Ауэзов атындагы академиялык театрына, кечинде, “Манастын уулу Семетей” спектакли башталаарына аз калганда араң жеттик. Жолдун баары тосулуу... Биз ордубузга жетээр менен жарык өчүрүлүп, спектакль башталып калды. Сахнадан түшкөн алсыз жарыктан жан жагыма боолголоп карасам, менин эле жанымда Кунаев олтурат. Динмухаммед Ахмедович анда, Казакстан Компартиясынын 1-секретары, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, коммунистик партиянын бюро мүчөсү болуп турган учуру. Мен көргөн көзүмө ишене албай, эмнегедир, кереметүү жомокко аралашып кеткендей болдум...”. Андан ары Жалил Садыков “Манастын уулу Семетейди” көрүп бүткөндөн кийин Д.Кунаев “бул спектакль кыргыздын Гимни турбайбы” деп толкунданып өтө жогору баа бергендигин эскерген. Демек бүгүн жарала турган, “Манастын уулу Семетей” фильми да Д.Кунаев баа бергендей, жогорку деңгээлде тартылып, президент С.Жапаровдун күткөн үмүтүн жана элдин тилегин орундатаар бекен. Ушул фильмде Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевдин кино тартуу чеберчилиги уланса гана, атаганат.

“Манастын уулу Семетей” фильмин тартууда эске ала турган төмөнкүдөй бир орчундуу жагдай бар: “Каныкейди тажиктин кызы катары көрсөтөбүзбү же кыргыздын кызы катары тартабызбы?”. Бул суроонун түйүнүн чечүүгө “Манас” трилогиясы бизге өзү жардамга келет деген ойдобуз. Төмөнкүгө көңүл буралы: “2018-жылдын ноябрь айында Кыргыз улуттук илимдер академиясында “Манаска” байланышкан чоң жыйын болгон. Жыйында докладчы “Каныкей тажиктин кызы” деп басым коюп сүйлөгөндө, атактуу “Манас” изилдөөчү, бүтүндөй өмүрүн улуу эпосту изилдөөгө арнаган Рая Заитовна Кыдырбаева ордунан туруп, “Бул фактыны сиз кайдан алдыңыз? “Манас” эпосунун бардык варианттарында “Каныкей тажиктин кызы” деген бир да сөз, бир да сап жок.” деп каяша жасаган эле. Бул каяшанын негизи бар болчу. Кеп мында.

“Манаста” “кыйба-тажик эли” деген бар. Бирок Каныкейди тажиктин кызы деп түздөн-түз айткан, бир сөз жок. Ал эми Букардын каны Темиркан “тажик” деп эпостун эч жеринде айтылбайт. Илгерки далайлаган кандуу чапкындардын тушунда Ооган, Иран, Үргөнч, Букар тарапка ооп кеткен, кийин ошол жактарды жердеп жашап калган кыргыздардын бар экендиги Сагымбай Орозбаковдун вариантында эскерилип өтөт. Тарыхтын өзүндө да мындай фактылар арбын кезигет. Темиркандын да түбү кыргыз затынан болуп, бирок отурукташкан тажик-түрк чөйрөсүндө туулуп өсүп, акыры жүрүп, өзүнүн эмгек-мээнети, эрдиги менен Букарга кан болууга жетишкен адам болушу толук мүмкүн. Екатерина экинчи өзү немис болуп туруп, оруска падыша болгон эмеспи. Мындай фактылар көп. Өзүнүн кан сарайында жорго кармап, Каныкей кызына кичинекейинен тоолуктарчасынан жорго мингизип, “бирөөнүн көзү тиет”- деп, мойнуна кыргыздардагыдай тумар тагып, үйүндө балдарына бээ, тай союп (тажик баласы жылкынын этин жебегенин эске алсак) бергенине караганда, Темиркандын тамырларында кыргыздын каны ойноп тургандыгын байкатпай койбойт. Ал эми Букарда “Манастын ашын берейин”, Семетейди  Букарга “кан көтөрүп алайын” деген чечиминен Темиркандын түпкүлүгүндө кыргыз насилине жан тартып тургандыгы сезилет. Каныкей атасы Темиркандын түбү кыргыз экенин билгендиктен, баягында Таласка келин болуп келгенде, “акыры жеримди, элимди таптым”- деп, өзүн ичинен чексиз бактылуу сезгени туюлбай койбойт. Анан калса, Букарды беттеп, Талас менен коштошуп турган учурунда “арманы болбос адамдын, көмүлсө сөөгү жеринде”- деп жатпайбы. Туулган аймагы Букар болсо да, ушинтип арман кылып турганы, Каныкейдин түпкү ата-бабамдын жери, өз мекеним Ала-Тоо деп санаганын ишаралап турат. Айтылуу акын Кубанычбек Маликовдун 1947-жылы эмне деп жазганына көңүл буралы: “Букардын элин мындан миң жыл илгери чамасында сарт же тажик деп туура эле кесип айтуу кыйын го. Жомокчулардын көбү “Букара” же болбосо “букарлык” деп эле койчу эле. Ал кезде улуттарда анчалык так бөлүнө элек эле го. Анын ордуна элдер, уруулар, ар бир тукумдар жашачу эле. Ал гана эмес, ошол букарлыктардын турмушунун сүрөттөлүшүнө караганда аларды кээде кыргыз деп айтса да болот.

Маселен:     

Комузчу менен кыякчы

Өнөрмандын баасысын,

Кеби ширин таттуудан,

Жыйып алган Темиркан

Комузчу кыргызда гана болот же болбосо:

Баглан козу, керткен жал,

Белендеп тамак аш алып...

Бул тажик менен “сарттын” жечү тамагына окшобойт. Ошондуктан, менин өз сунушум катарында айтарым, ушул “сарт” менен тажик дебей “букардын эли” деп кетсек, саясый, тарыхый жагынан да көп жеңилдикке, туура жолго түшкөн болор элек. Мүмкүн кыргыз эле чыгар. Турмуш жагынан кыргыздан эч айырмасы жок экен. Бул ойлонуп көрчү маселе”. (Архивден).

К.Маликовдун бул жазганынан улам Каныкейди тажик улутунан деп кесе айтуу мүмкүн эмес. “Манастагы” могу нерсеге дагы көңүл буралы. Каныкей, өзүнүн боштондук согуштары менен бүткүл Түркстан, Орто Азия аймагына дүңгүрөп аты угулган ак калпак кыргыздын арстан уулу Манастын даңкын алыстан угуп, ошондой баатырга жар болсом деп кыялданып да келген экен. Буга анын ошол Манасты биринчи көргөндөгү ичинен айткан монологу күбө:

“Манастын Манас экенин,

Мен баштатан угуп билгемин.

Манастыгы чын болсо,

Атайын издеп келер - деп,

Жараткандын өзүнөн,

Мен кургур, ошону тилеп жүргөмүн”.

Эгер Каныкей тажиктин кызы болсо өзү тилин билбеген алыскы тоолук кыргызга турмушка чыгуу жөнүндө кыялданат беле. Каныкей өзү кыргыздын кызы болгондуктан кыргыздын уулу Манаска жубай болууну каалагандыгын түшүнүү кыйын эмес. Каныкейдин жогорудагы монологунун подтекстинен “кыргызымдын уулу Манас” деген үн угулуп турат. Каныкейдин образын окумуштуулардын ичинен 40-жылдардан баштап алгач жолу талдашкан Калим Рахматуллин, Ташим Байжиев, Болот Юнусалиев, Самар Мусаевдер да Каныкейди тажиктин кызы деп эч убакта жазышкан эмес. Анткени “Манаста” Каныкейди түздөн түз тажик деп атаган факты, ыр саптары жок.

Букарда кандай күйүт, арман, сагыныч менен жашагандыгын, ошондогу Каныкейдин психологиясын даана туюнуш үчүн анын төмөнкү ички монологун да окуй кетели:

 

Маңдай сөөгүм кайкы экен,

Манастын көзү өткөн соң,

Күн көрөрүм тайкы экен!

Кең Таластын баткалда,

Керилген төрөм коркутуп,

Кыямат көздөй жол тартып,

Кыйноо көрүп жатканда,

Курман болуп куу катын,

Өлүп албай не болдум!

Улуу тоодон унчуккан

Улар болбой не болдум?!

Тартынбай өлүп, бир жатып,

А дүйнө кеткен көкжалга

Курман болбой не болдум?!

Бел байлаган белим жок,

Бейпай тартсам мынчалык,

Берендин зайбы деп турган

Берекем кыргыз элим жок!

Киндик кесип, кир жууган жеринде, балалыгы өткөн Букарда, падыша атасынын  камкордугунда жашап жүрсө да, Каныкейдин өзүн бактылуу сезе албагандыгына, тескерисинче, ичи күйүп өрт болуп, эки көзү төрт болуп, кыргыз жакты карап, саргарып санаага батканына айран калбай коё албайсың. Он эки жыл болуп калса да, күйүтү пастабай, күнү бүгүнкүдөй аза күтүп, өмүрлүк жарысыз өзүн тирүү өлүктөй сезгенин, “Талас” дегенде көөдөнүнөн көк түтүн бургуп турганын көрүп туруп, Каныкейди “тажиктин кызы” деп ким айтат?

Демек, “Каныкей тажиктин кызы” дегенди кечээки СССР доорунда “сверх-интернационалисттер” ойлоп чыгарган идеологиялык коньюнктура деп айтууга туура келет. 1970-жылдары Тажикстандан Кыргызстанга делегация келип, маданий программа боюнча Кыргыз драма тетрында жүрүп жаткан Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” аттуу спектаклин көрөт. Ошондо делегациянын мүчөөлөрүнүн бирөө Семетейдин Букарда чоңойгонуна байланыштуу Каныкейди “бул тажиктин кызы турбайбы” деп өзүнүн эмоционалдуу сөзүн айтып кубанат. Анда делегацияны кабыл алып отурган кыргыздардан бирөө: “ооба, тажик калкы Манастын кайындары болот, Каныкей тажиктин кызы” деп, көңүл улап жооп берет. Ошондон кийин Каныкейди “тажик кызы” деген “коммунистик интернационалдык” саясатка шайкеш келген сөз тарап кеткен.

 “Каныкей тажиктин эмес, кыргыздын өзүнүн кызы” деп айтууга эпосубуздун өзү негиз болуп жатпайбы. Каныкей энебиз – кыргыз! Болгондо да чоң тамгалар менен  жазыла турган кыргыз аялзаты. Бекеринен ал эпосто “калк энеси Каныкей” делип аталган эмес. Буга ишениш үчүн “Манас” эпопеясын кунт коюп окуу керек.

Ошондой эле, “Манас” трилогиясын кунт коюп окуу аркылуу төмөнкү нерсени да аңдоого болот. Маселен, байыркы Египеттин ханышасы Клеопатра тарыхта реалдуу жашап өткөн инсан экендиги белгилүү. Эгерде, жазуу-сызуусу бар Египеттин жана Жер Ортолук деңизинин цивилизациясы ал жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды сактап калбаганда,  атактуу Клеопатра балким, акырындап жүрүп отуруп, конкреттүү тарыхый дарегин жоготуп, легендага айланып, андан барып, элдик оозеки көркөм чыгармачылыктын каарманына өтүп кетээри ажеп эмес эле. Кылымдар өткөн соң фольклордук каарман Клеопатранын тарыхый прототиби бар экендигине да эч ким шек кылбай калмак. Ошондой эле, Клеопатра сыяктуу Каныкей да бир кезде тарыхта жашаган инсан болгондугун сезип турабыз. Караңызчы,  Каныкей Семетейге Букардан чыгып, Таласка сапар жүрсөң, жолуң адегенде Кең-Ак-Чий, анан Гүл-Токой, андан ары Кокон, Сыр-дарыя, андан кийин Чыйырчык, Салар эки өзөн, бул экөөнөн соң Казы-Курттун талаасы, анан Олуя-Ата, Олуя-Атадан кийин Жоргонун бели аркылуу өтөт, деп түшүндүрүп жатат. Каныкей ушул жолду өзү басып өткөн. Бул географиялык маршрут өзүнүн Каныкей айткан топонимиясы менен бүгүн да жашап турат. Эскерте кете турган нерсе, фантазиядан жаралган жомок (сказка) жанрынын поэтикасы үчүн мындай конкреттүү адресат мүнөздүү эмес. “Семетейдеги” ушул маршруттун өзүнөн эле тарыхта жашап өткөн адамдын таманынын издери  бүлбүлдөп  көрүнүп турбайбы. Бир кездеги жазуу-сызуусун жоготкон көчмөн цивилизациянын шартында, тарыхый инсан Каныкейдин даңазасы жүрүп, жүрүп элдик оозеки фольклорго өтүп, көркөм ыр түрүндө жашап калган эмес деп ким айта алат. Орто кылымдардагы кайсы бир мезгилде жашаган тарыхый “пенде Манастан “Манас” эпосу жаралган,  Манастан “Манас” өсүп чыккан”,- деп Бектур Исаков олуттуу айткандай, тарыхта жашап өткөн пенде Каныкейден Каныкей жөнүндөгү эпикалык көркөм баян өсүп чыккан дегибиз келет. “Манас” эпосунун негизи – миф” эмес, калктын улуу тарыхы. Бекеринен залкар тарыхчы- окумуштуу Александр Натанович Бернштам: “Манас” эпосу көркөм чыгармачылыктын туу чокусу, эстелиги катары гана саналбастан, ошондой эле, ал кыргыз урууларынын көз карандысыздык үчүн күрөшүн баяндаган кайталангыс тарыхый повесть да болуп эсептелет”,- деп жазган эмес.

Акырында айтаарыбыз, “Манастын уулу Семетей” фильмин тартуучулар жогоруда айтылгандарга көңүл буруулары керек. Фильмди Букарада тартканда, Темиркан менен Каныкейди ошол жактагы кыргыз катары тарткан оң (Кинотоптун планында фильмдин кайсы бир эпизодун да Букарда тартуу жок болгонун, тасма толугу менен Кыргыз жергесинде тартылып бүтүп калганын маалымат катары айта кетүү абзел – Редакциядан). Муну эпостун өзү жанагинтип айтып турат. “Семетей” эпосунда Букарда өскөн Семетей өспүрүмдө отурукташкан тажиктин психологиясы байкалбайт. Демек, Семетейдин таякеси Ысмайыл да кыргыз уругунан экендиги баамдалат. Семетей Ысмайылдын колунда Манас атасындай жоокер духундагы кыргыз болуп өспөдүбү.

 

Советбек Байгазиев, Манас-таануучу

Булак: “Майдан. kg” гезити