Эмдөөдөн өтүү "дельта" - коронавирус штаммын жуктурганда жардам берээрин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумья Сваминатан айтты.
"Вакцина оорулардын санын гана азайтпастан, вирус жуктурганда оор кесепеттерди жана өлүмдү алдын алары анык”, — деп билдирди ал онлайн- брифингде.
Ошол эле учурда Сваминатан вакцинанын кошумча дозаларына муктаждык жок экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, ДССУнун эпидемиологу Мария ван Керхове эмделгендердин деңгээли жогору болгон өлкөлөрдө да "дельта" штаммы эмделбегендер арасында, ошондой эле эпидемиологиялык чаралардын сакталбай жаткан жерлерде таралып жаткандыгын билдирген.
Буга чейин ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс "дельта" штаммынын жайылышы дүйнөлүк коомчулук тарабынан көрүлүп жаткан чаралардан озуп кетип жаткандыгын айткан.
"Ар бир өлкөдө, эмдөө деңгээли төмөн жана коомдук саламаттыкты сактоо чаралары чектелген жерлерде ооруканага жаткыруунун жана өлүмдүн очоктору болууда", - деди ал.
Коронавирустун "дельта" штаммы — COVID-19 инфекциясын козгоочулардын бири. Ал биринчи жолу Индияда табылып, каттоого алынган. Инкубациялык мезгилинин кыскалыгы жана оор кесепеттерге кептегени менен өзгөчөлөнөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун мутацияланган "альфа" (Британия), "бета" (Түштүк Африка), "гамма" (Бразилия) жана "дельта" (Индия) деп аталган түрүн каттаган.
- Категория: Коом
- Просмотров: 103