Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

Коронавирустан айыккан адамдар үчүн бир катар сунуштарды Республикалык штаб жолдоду: 

- Дем алуу гимнастикасы сунушталат, ал дем алуу органдарынын калыптанышына жана канды кислород менен байытууга жардам берет;

-  Илдеттен айыккандан кийин алгачкы күндɵрү аз-аздан жай басып, физикалык жакта активдүү болуу зарыл. Таза абада 30 минуттан кем эмес жай басып эс алуудан баштоо зарыл.

- Оорудан айыккандан кийин тамактануу эрежелерин сактоо зарыл. Таза суу, компот, морс, сүт азыктарын жана башкаларды ичүү сунушталат. Тамактануу балансталган, рациондо белок, май, углевод, ошондой эле витаминдер, минералдар керек.

- Ошол эле учурда, куурулган, туздуу, ачуу тамак-аштарды, шекерден, таттуу суусундуктарды чектөө керек.

- Тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктерин ичүүдɵн баш тартуу
зарыл.

- Иммунитетти толук бекемдөө жана моралдык-психологиялык абалдын жакшыруусу үчүн уктоо, физикалык активдүүлүк жана жаман адаттардан арылуу зарыл.