Коронавирустан айыккан адамдар үчүн бир катар сунуштарды Республикалык штаб жолдоду:
- Дем алуу гимнастикасы сунушталат, ал дем алуу органдарынын калыптанышына жана канды кислород менен байытууга жардам берет;
- Илдеттен айыккандан кийин алгачкы күндɵрү аз-аздан жай басып, физикалык жакта активдүү болуу зарыл. Таза абада 30 минуттан кем эмес жай басып эс алуудан баштоо зарыл.
- Оорудан айыккандан кийин тамактануу эрежелерин сактоо зарыл. Таза суу, компот, морс, сүт азыктарын жана башкаларды ичүү сунушталат. Тамактануу балансталган, рациондо белок, май, углевод, ошондой эле витаминдер, минералдар керек.
- Ошол эле учурда, куурулган, туздуу, ачуу тамак-аштарды, шекерден, таттуу суусундуктарды чектөө керек.
- Тамеки тартуудан жана спирт ичимдиктерин ичүүдɵн баш тартуу
зарыл.
- Иммунитетти толук бекемдөө жана моралдык-психологиялык абалдын жакшыруусу үчүн уктоо, физикалык активдүүлүк жана жаман адаттардан арылуу зарыл.