Жарандык активист Тилек Куреновдун соту бүгүн, 20-августта  Бишкектин Свердлов райондук сотунда болду. Анда судья жарандык активистке карата өкүмдү жарыялады.  

Ага ылайык, Куренов бир жарым жылга эркинен ажыратылды. 

Эске салсак, Куренов Бийликти күч колдонуп басып алууга ачык чакыруу", "Массалык башаламандыктарды уюштуруу", "Кол салуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренелери боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын март айында камакка алынган.