Учурда ковидге каршы эмдөөдөн өтүү кампаниясы уланууда. Жаңы жылга чейин калктын 70 %ын эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри маалымдады.
Анын айтымында, учурга карата 586 миң адам эмдөөдөн өттү. Айрым мамлекеттик органдардын кызматкерлери толугу менен ковидге каршы эмдөө алышкан. Акыркы маалымат боюнча калктын 38 %ы ковид менен ооруп айыккан. Эгерде элдин 70 %ы эмдөөдөн өтсө, анда Covid-19дун 4-толкуну болбойт.
Булак: “Майдан. kg” гезити