Ооганстандагы саясий жана аскердик кескин өзгөрүүлөрдөн улам ал өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган качкындардын саны болуп көрбөгөндөй өстү. Андай качкындар Кыргызстанга келүүсү ыктымалдыгы жокко чыгарылбай, өлкө башчысы С.Жапаров бул боюнча тийешелүү тапшырмаларды берип, милдеттерди койду.
Бирок Кыргызстандын элинин бул боюнча пикирлери бирдей эмес. Атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында суралгандардын 88 %ы качкындардын келүүсүнө каршы экендиктерин билдиришсе, 12 %ы гана оң карай тургандыктарын айтышкан. Сурамжылоого 6525 адам катышкан. Албетте, каршы болгондорду да түшүнсө болот. Анткени, алар согуштук аймактан келгендер бул жерде жөн жүрбөй, өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугуна шек келтирүүлөрү мүмкүн экендиктеринен чочулап жатышат. Оогандыктарды кабыл ала албасак да, кыргыз тектүүлөрдү, Памир кыргыздарын өлкөгө киргизбей, башпаанек бербей да коё албайбыз. Болгону качкындарды кабыл алуу менен өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздугу унутулбашы керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити