Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Ушундай болушу мүмкүн экен. Муну Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымдады. Анын айтымында, учурда бул маселе Улуттук Банк тарабынан каралууда.

Мирлан Бакиров Улуттук Банктан башка да сатып алууну каалагандар бар экенин айтты. Компанияны сатууда атайын комиссия түзүлүп, бардык процедуралар ачык-айкын, мыйзамдуу өткөрүлөт. Алгач компаниянын баасы 19 млрд. сом деп бааланса, сатып алуучу чыкпай бул баа 14 млрд. сомго түшүрүлгөн.

Бизге бир гана нерсе түшүнүксүз. “Мегаком” компаниясы мамлекеттин карамагында болгондуктан, “мамлекет начар менеджер” деген пинциптен улам компанияны өнүктүрүү жакшы жолго коюлбай, атаандаштыкта өз ордун таба албай, инвесторго сатуу менен компанияны сактап калуу аракети көрүлүп жатат.  Бирок Улуттук Банк сатып алып калса, анда кандай болот? Улуттук Банктын карамагына өткөнү менен кайра эле мамлекеттин үлүшүндө калып жатпайбы? Бул жерде “Мегаком” компаниясын сатып, аны өнүктүрүү ниети болуп жатабы? Же сатык келишимин ишке ашыруу менен миллиондорду капчыкка солоо көздөлүп жатабы, ыя?

 

Булак: “Майдан. kg” гезити