14-августта быйыл июль айында Москвада катталган массалык мушташтан кийин 26 кыргызстандык Орусиянын аймагынан депортация болду.
Россиянын маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын 26 жараны Домодедов аэропортунан мекенине жөнөтүлгөн. Бир каттам Бишкек шаарына, экинчиси Ошко учкан.
Мындан тышкары, депортацияланган жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө 40 жылга тыюу салынганы айтылды.
Орусиянын Москва шаарындагы мигранттардын массалык мушташы үстүбүздөгү жылдын июль айында катталган. Анда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын жана Тажикстандын жарандары болгону кабарланган. Бир нече бычактан жаракат алган жаран ооруканага жеткирилген.
Чырдын чыгышынын алдын ала версиясы катары 11-июлда Кыргызстандын эки жараны Химки районунда бычакталганын жана алардын достору өч алуу максатында урушканы айтылган. Натыйжада Кузьминки районундагы мушташ массалык кагылышууга өсүп жеткен.
Кийин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги соцтүйүндөргө тарап жаткан чырдын келип чыгышына улуттар аралык конфликт себеп болушу мүмкүн деген алдын ала версия чындыкка дал келбей турганын кабарлаган.
14-июлда Москва полициясы Кузьминкидеги массалык мушташтын бир катар катышуучулары соттун чечими менен айып төлөп, Орусиянын аймагынан чыгарыларын айткан.
Мындан тышкары өткөн жумада ЛДПРдын лидери В. Жириновский Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг өткөрүп, биздин өлкө менен соода-сатыкты токтотуу маселесин көтөрсө, “Справедливая Россиянын” лидери С.Миронов жана башка Мамдуманын депутаттары мигранттарга виза эрежесин киргизүү керектигин айтып чыгышты.
Айтор, бөтөн жерде жөнөкөй жүрүш-туруш этикасын билбеген айрым жарандарыбыздын зыяны бүтүндөй элибиз менен мамлекетибизге тийе турган болууда.
Булак: “Майдан. kg” гезити