Акыркы бир жуманын ичинде чет өлкөлүк төрт альпинист Кыргызстандагы Тянь-Шандын эң бийик - Победа жана Хан Тенгри чокуларына чыгуу учурунда каза болушту.
Июль-август айлары Тянь-Шанга чыгуу үчүн идеалдуу убакыт. Кыргызстанга дүйнөнүн булуң -бурчунан ондогон альпинисттер келет жана алар Победа жана Хан-Тенгри чокуларына барышат.
Бул ирет каза болгон альпинисттер үч башка экспедицияда болушкан (эки орус жана бир ирандык).
Биринчи кырсык катталган Победа чокусунда (бийиктиги - 7439 м) бийктикке алпурушкан ирандык альпинисттердин тобу болгон. Чыгуу учурунда беш катышуучунун экөө каза болгон, алар – теги ирандык Улуу Британиянын жараны Мехри Жафари жана Ирандын жараны Реза Адинех.
Мехри Жафари 4 -августта 6300 м бийиктиктен Важи Пшавела чокусунун боорунан кулап кеткен.Трагедияга андан анча алыс эмес жерде жүрүшкөн Венгриядан келген альпинисттер күбө болушкан. Күбөлөрдүн айтымында, Жафари жапайы мөңгүнү көздөй кулаган.
Ал эми, 7 -августта израилдик альпинист, ирандык альпинист Реза Адинех 7000 м бийиктикте тоо кыркасынан кулап кеткенин кабарлады.
Анын өлүмүнүн издери Победа чокусунун боорунан Кытай тарапка алып келген, бирок али сөөгү табыла элек.
Ошондой эле, 8 -августта Орусиядан келген альпинист Валентин Михайлов каза болгон. Санкт - Петербургдан келген альпинисттердин тобу "Абалаков жолу" боюнча - Победа чокусуна (7439 м) чыкканда - түндүк кырка тоосунда кыйынчылыктарга туш болушкан.
12 - августта Орусиядан дагы бир альпинисттин каза болгону белгилүү болду. Сергей жубайы Наталья менен Хан Тенгри (7010 м) бийиктикке көтөрүлгөн, ал эми ылдый түшкөндө Сергейдин ден соолугу начарлап баштаган. Ал 6800 м бийиктикте ал өз алдынча кыймылдай албай калган.
Булак: “Майдан. kg” гезити