Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакциналардын сапаты жана коопсуздугу тууралуу айтып берди. Ал элди эмдөөдөн өткөрүү керектигин белгиледи
Айтымында, эмдөөдөн өткөндөргө 10 гигабайт интернет бонусу берилет. Ошондой эле, кафе, ресторандар жана соода борборлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, алар эмдөөдөн өткөндөргө жеңилдиктерди беришет.
"Тамак-аш тейлөө түйүндөрү мындай чараларга макул. Башка өлкөлөргө окшоп унаа берүүнү пландаган жокпуз, себеби өлкөдөгү экономикалык кырдаал баарыбызга белгилүү”, – деди Алымкадыр Бейшеналиев.