"Коңшу Казакстан диний жагына көбүрөөк маани беришет. Мисалы, узун дамбал кийим кийүүгө жана саксайган сакал коюуга тыюу салынган. Дин тутуу эркиндигине шек жок, бирок казактар ички салттуулукту катуу кармашат экен.
Биз деле салттуу динге өтсөк туура болот деп ойлойм, бирок эркин өлкөдө жашап жаткандан кийин дин тутуу тандообуз бар. Ошондуктан мамлекет айрым мыйзамдарга толуктоо киргизип, салттуу динге туура келген айрым нерселерди бекитип берсе деле болот. Ислам дини таза дин, бирок анын туура багытын гана кармансак туура болчудай.
Талибандар - булар согушкер, радикалдуу динчилдер жана саясий уюм катары бөлүнүшөт. Талибандардын негизги жайгашкан жери Доха шаарында деп айтышат, бирок кечээги чабуулдарга эч кандай тийешеси жоктугун Дохада жайгашкан Талибан өкүлчүлүгү баса белгилеп кетти. Муну менен Талибан уюму бир канча бөлүккө бөлүнөөрү талашсыз", - деп жазды эксперт Медербек Саидов соцтармактагы баракчасына.