Күн сайын алар бейтаптарга онлайн кеңеш беришет, дарылоону дайындашат жана оңдоп-түзөшөт, текшерүүгө дайындашат, байланышы барлардын абалын көзөмөлдөшөт, мобилдик бригадаларда, изоляторлордо иштешет. Ошол эле убакта, башка милдеттерди жана көйгөйлүү маселелерди эч ким алып таштаган эмес. Бул текшерилүүчү оорулары бар оорулууларды кароо (бронхиалдык астма, БГ, кант диабети ж.б.), кош бойлуу аялдарды жана жаңы төрөлгөндөрдү байкоо", - деп билдирди Бишкек ш. Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Мунаркан Омуралиева.

Ошондой эле, анын айтымында 2021-жылдын март айынан баштап калкты эмдөө боюнча чоң иш жүрүп жатат. ҮМБ базаларында гана эмес соода борборлорунда, супермаркеттерде, базарларда, аянттарда кошумча убактылуу эмдөө пункттары ачылган.

Андан сырткары, бүгүн жеткиликтүүлүк жана калкты көп камтуу үчүн уюмдарга, коллективдерге мобилдик бригадалар чыгып жатышат жана жер-жерлерде эмдөө жүргүзүп жатышат.

Эми БМСЖ алдында жаңы маселе турат - бул COVID-19 менен ооругандарды жана ковидден кийинки белгиси бар бейтаптарды диспансердик байкоо Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда медициналык калыбына келтирүү жардамды сапаттуу көргөзүү үчүн бөлүмдөлөргө жана түзүлүштөргө даярдоо жүрүп жатат. Бул физиокабинеттер, укалоо кабинеттери, ДЧК кабинеттери. Психологдор, психиатрлар, дарылоо дене тарбиясы боюнча окутулган нускоочулар ишке активдүү тартылышат.

Жыйынтыгында Мунаркан Омуралиева: "Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын коронавирус менен күрөшүүдөгү ролу абдан чоң. Мүмкүн АМСЖ медкызматкерлеринин күчү менен биз пандемиянын 3-толкунунун чабуулуна кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу туруштук бере алдык".