Печать
Категория: Коом
Просмотров: 369

Бир убактарда кыргыз сахнасынын “Кош жылдызына” айланган түгөйлөр Абдымалик Шерматов менен Динара Акулованын кызы Малика Дина көп жылдан бери катышпай калган атасынын ак батасын алды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып, атасына жолуккан мүнөттөрдү чагылдырган видео, сүрөттөрдү жүктөдү. Абдымалик Шерматов буга чейин соцтармактар аркылуу кызын сүйлөшүүгө чакырып, “атанын батасын алып кал” деген насаатын айтып келген эле.

Малика Дина атасына жолуккандан кийин күйөрмандарынын суроолоруна соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.

- Атаңды кечирдиңби?

- Кудай биздин эң оор күнөөлөрүбүздү да кечирет, анын жанында биз ким экенбиз. Анын үстүнө бул жакындарыбызга тийиштүү болуп турса. Сиздер билесиздер, мен муну дароо түшүнгөн жокмун. Бардык жамандыкты унутуш үчүн андан оор күндөрдү басып өттүм. Мен өткөн күндөрдү эстегим да келбейт, ага улам кылчактап карай берүүнү токтотком. Эң башкысы, учур менен жашап, катачылык кетиргенден оолак болуш керек. Ошондой эле, келечекке туура кадам таштай билүүнү үйрөнүү кажет.

- Бул сиздин атаңыз менен биринчи жолугушууңуз болдубу?

- Негизи, биз дайым эле телефон аркылуу байланышып турчубуз. А акыркы жүз көрүшүү мындан 11 жыл илгери болгон. Ал убакта инимдин курсактагы кези болчу. А бүгүн аны көрүп, жүрөгүм башкача боло түштү. А эми мындан ары иним жанымда болот.

- Атаңыз менен табышканыңызга апаңыз каршы болбодубу?

- Эмнеге апам каршы болушу керек эле? Ар бир эне перзенти үчүн атаны өзү тандайт. Бул тандоого бала күнөөлүү эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, менин апам атам тууралуу жакшы сөздөн башка эч нерсе мага айткан эмес. Ал дайыма биздин табышып, мамилебизди жакшыртуубузга макул болчу. А жыйынтыкты мен өзүм чыгардым. Бир убактарда мен өзүм атам менен жолугушуудан качып койгом. Бирок убакыт баарын өз ордуна коет экен. Мен муну өтө чоң жоготуудан кийин түшүндүм...  Эң башкысы, менин жашоомдогу окуялар өзүнөн өзү атамды актап жүрүп отурушту. Анан мен көп нерсени түшүндүм жана кабыл алдым. Ошондуктан, кандай күн, кандай окуя болбосун, бизге Аллахтан берилген биринчи байлык, бул – биздин ата-энелерибиз. Тирүү кезинде сыйлагыла!

 

Булак: “Майдан. kg” гезити