Айыпталуучулардын бири окуяны видеого тартып социалдык тармактарга жарыялады.
Видеодон полиция кызматкерлери бир аялга (болжолу менен Кыргызстандын жараны) беткапсыз жүргөнү үчүн административдик укук бузуу боюнча жоопкерчиликке тартып жатышканын көрүүгө болот.
Айыпталып жаткан аял полиция кызматкерлери тандоо менен, бет кабы жок мигранттарга гана айып салып жатканын, башкалар метрого эч кандай тоскоолдуксуз, беткап кийбестен кирип-чыгып жатканын билдирди.
Ошондой эле, видеодон полиция кызматкерине “Эмне үчүн «орус эместерди» гана токтотуп жатасыздар?” деген суроо берилип, алар камераны алып салууну талап кылышып, антпесе ага карата мыйзам бузуу боюнча дагы башка протокол түзүшөрүн айтып коркутушканын көрүүгө болот.
Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай көрүнүшкө Жириновскийдин акыркы аракети себеп болуп жатканын айтышууда.
Элгезит