"Июль айында медициналык жардам көрсөтүүгө 15606 медициналык кызматкер тартылган, анын ичинде 3341 врач, 6436 медайым, 2211 санитарка жана 3618 башка персонал", - деди ММК фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева.
Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 255,2 млн сомду (255 234 855 сом) түздү, анын ичинде:
- Бишкек шаарына – 118,9 млн сом;
- Ош шаары жана Ош облусуна – 38,1 млн сом;
- Баткен облусуна - 9,8 млн сом;
- Жалал-Абад облусуна –21,1 млн сом;
- Ысык-Көл облусуна – 17,0 млн сом;
- Нарын облусуна -6,6 млн сом;
- Талас облусуна - 5,9 млн сом;
- Чүй облусуна – 37,9 млн сом.
Бул каражаттар саламаттык сактоо уюмдарына ушул жуманын аягына чейин которулат.
- Категория: Коом
- Просмотров: 95