Жалпы билим берүүчү мектептердеги ата-энелер тарабынан акча чогултуу маселеси көптөн бери көйгөйгө айланды.
Коомдун бир бөлүгү ата-энелердин акча чогултуусу милдеттүү болушу керек, аны менен балдары окуп аткан мектептердин кем-карчылары чечилип, мектеп имараттарын оң абалда кармап турууга, чарбалык ж.б. маселелерин чечип турууга мүмкүндүк берерин айтышса, ата-энелердин бир бөлүгү өлкөдө жалпы билим берүү акысыз экенин, акча чогултуу мыйзамсыз болорун, ал максаттуу жумшалбай оң, сол чөнтөккө жумшалып кетерин, ата-энелерди кыйноо болуп эсептелерин айтып келишет. Бирок учурда бул маселе билим берүү министрлиги тарабынан каралып, бул маселени мыйзамдаштырып, милдеттүү кылууга аракеттер болууда.
Билим берүү жаатындагы адистердин пикирлеринде, бул Конституцияга каршы келбейт. Анын үстүнө чогултулган акча билим берүүгө эмес, окуучулар окуп жаткан мектептердин муктаждыктарына, окутуу процесстерине керектүү жабдуу, материалдарды алып турууга, мектептерде ремонт иштерин жүргүзүүгө керек.
Учурда ата-энелер комитеттери тарабынан чогултулчу тѳлѳмдүн суммасы аныктала элек. Шаарлардагы мектептер үчүн 1 окуучуга 1000 сом болсо, аймактардагы мектептерде 800 сом болушу ыктымалдыгы айтылууда. Бул сумма бир окуу жылы үчүн бир берилип, алардын сарпталуусу финансы органдары менен биргеликте ата-энелердин катуу көзөмөлү менен болушу зарыл. Мында биринчи кезекте ачык-айкындуулук, отчеттуулук болууга тийиш. Ошондо ар бир ата-энеде ишеним болуп, милдеттүү түрдө акча чогултууга түшүнүү менен мамиле кылышат. Ансыз бул маселедеги нааразылык буга чейинкидей эле улана берери талашсыз.
Булак: “Майдан. kg” гезити