Акыркы маалымат боюнча, учурда дүйнөдө 202 млн. адам  ковид менен оруп жатса, 4,2 млн. адам көз жумган, 4,3 млн. адам ковидге каршы эмдөөдөн өткөн.

Буга чейинкидей эле ооруларды жуктургандардын саны боюнча АКШ биринчи орунда келатат. Алдыңкы 10 өлкөнүн ичинде Индия, Бразилия, Россия, Франция, Улуу Британия, Түркия, Аргентина жана Колумбия бар.

Ооруга каршы эмдөөлөр боюнча айтсак, Кыргызстанда 696 миң адам эмдөөдөн өтүп, дүйнөлүк рейтингде  114-орунду ээледи. Кытайда эмдөө үчүн 1,7 млрд. доза колдонулган болсо, Индияда 506,8 млн. доза жумшалган. Ал эми АКШда – 349,5 млн., Россияда – 66,2 млн., Сауд Арабиясында – 29,6 млн., БАЭде – 17 млн., Казакстанда – 10 млн., Өзбекстанда – 8 млн., Белорусияда – 1,3 млн. доза пайдаланылган.

Булак: “Майдан. kg” гезити