Күзүндѳ ѳтчү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен нааразычылык иш-чаралар болушу ыктымал. Мындай пикирин ЖК депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Эл ѳкүлүнүн айтымында, шайлоо ноябрда болгону жатат. Бул айда күн суук болуп калат, демек, элдин нааразылык акцияларды ѳткѳрүүлѳрү кыйынга турат. Бирок нааразылык акцияларына ЖК депутаты Аалы Карашевдин парламентке ѳтүүгѳ керектүү босоголук чекти 3 %дан 5 %га кѳтѳргѳндүгү себепчи болушу мүмкүн.
«Беш %дык чекти ѳтүү үчүн партиялар 80 миңден ашык добуш алышы керек. Эгерде 72 миң, 65, 68 миң добуш алса, парламентке ѳтпѳй калышат. Мындай партиялар кѳп болуп, 2-3 партия гана шайланып келсе, анда бул ири нааразылык акцияларынын башталуусуна шылтоо болушу күтүлѳт. Бирок бул күзүндѳ эмес, жазга барат. Бул убакытта электр тарифи да кѳтѳрүлүп, элдин кошумча нааразылыктарын жаратат», - дейт ЖК депутаты.
Булак: “Майдан. kg” гезити