Акыркы учурларда жооптуу кызмат орундарына жаңы жүздөр, прогрессивдүү муундун өкүлдөрү, билимдүү жаштар тартыла баштады. Бул жакшы көрүнүш.
Мурдагы кесиптешибиз, маалымат каражаттарында катардагы кабарчылыктан жооптуу кызматтарга жетип, андан кийин чарбалык кызматтарды ийгиликтүү аркалаган Данияр Жаныкулов Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал ири кен өндүрүүчү ишкананын жооптуу кызматында иштеп келаткан. Эми минтип эң чоң облустун экинчи жетекчисине айланып отурат. Не дейбиз, Данияр мырзага жаңы кызмат ордунда ийгилик каалайбыз! Анын жаңычылдык менен жемиштүү, натыйжалуу иштеп, артылган ишенимди аткарып кетеринен шегибиз жок. Анда билим, тажрыйба, эң башкысы, элдин кызыкчылыгы үчүн ак, таза иштейин деген каалоо, ниет бар.
Булак: “Майдан. kg” гезити