Печать
Категория: Коом
Просмотров: 119

"Эгерде мектептерде акча чогултууну мыйзамдаштыра турган болсоңор, анда ар бир үй-бүлөгө анын жашоо - шартына карабастан төрөлгөндөн баштап 16 жашка чыккычакты миң сомдон жогору жөлөкпул чектегиле. Колуңардан ошондой иш келеби? Келбесе, калп эле популисттик пландарыңарды айтып элдин кыжырына тийбегиле. Мисалы, мен мектептеги акча чогултууну мыйзамдаштырууга каршымын. Бир үйдө 4-5 баланы окуткан ата-энелер бар. Аларга кыйын эле болот", - деп жазды журналист Тоси Касымалиева соцтармактагы баракчасына.

Эске салсак, Кыргызстанда орто мектептердеги акча чогултууларды мыйзамдаштыруу сунушу көтөрүлгөн. Анын негизинде, бир жылга ата - эне бир балага кайсы бир сумма төлөшү керек. Азырынча так сумма белгилүү боло элек.