Печать
Категория: Коом
Просмотров: 169

Улукбек Карыбек уулу аттуу кесиптешибиз бар. Ал көп жылдар боюу телевидение тармагында эмгектенсе, акыркы мезгилде жеке блогер катары “Коопсуз шаар” долбоорунун “кооптуу” жактарын ашкерелеп же эл арасында “үч бут” деп аталган көчмө камералардын мыйзамсыз орнотулуусунсоциалдык тармактар аркылуу  ашкерелеп жүрөт.

Ким билет, дал келүүчүлүкпү же башка себеби барбы, айтор өткөн жумада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлгө иш сапар менен барганда анын адашы Улукбек Карыбек уулу да Көлдө жүргөн экен. Бирок Карыбек уулунун өзүнүн айтымында, ал достору менен Ысык-Көлгө эс алууга барып Көк-Жайык капчыгайында эс алып жаткан экен. Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов селден жабыркаган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп калат.

Кесиптешибиз аңгыча өкмөт башчынын адамдары элге кандай суроо берүүнү жана кандай суроону бербөө көрсөтмө берилип жаткандыгын кулагы чалып калат. Аңгыча ал токтоно албай: “Эмне үчүн силер ушундай...токтотсоңор болобу ушул заманды? Ушундан тажаган жоксуңарбы? Буга чейинки бийлик ушул жолду жолдоп, тагдыры эмне болду? Көзүңөрдү ачып, элдин маселесин укпайсыңарбы, элди андай басынтпагыла” деп айтат.

Ал эми журналист муну айткандан кийин ага белгисиз, «кебетеси “караларга” окшогон» балдар келип, «жөн эле жүрсөңчү, тынч эле кетип калсаң» деп айткан. Карыбек уулу кетүүдөн баш тарткандан кийин аны милиция кызматкерлеринин көзүнчө белгисиз үч киши номуру жок унаага күч колдонуп салып кеткен.

«Унаа жок жерден айдап, анан бычак менен психологиялык басым кылып коркутту. “Тынч жүрбөйт экенсиң сен” дегендей бир топ көчө сөздөрү менен сөгүнүп, психологиялык басым жасап, коркутуп алып келе жатышкан», — деди журналист.

Көп өтпөй унаа Каракол шаарына жетип токтогон. Журналистти уурдаган кишилердин бири тамеки алганга чыгып, экинчиси телефонго жооп берип жатканда Карыбек уулу айдоочуну түртүп, унаадан качып чыккан.

Бул чак түштөгү журналистти уурдоо өкмөт башчыга да жетип, ал Карыбек уулун кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Эми эки Улукбектин жолугушуусу кызык болууда.

Булак: “Майдан. kg” гезити