"Пляждарда туристтердин агымы көбөйүүдө. Ошого байланыштуу, суу объектилериндеги адамдардын өмүрүнүн корголушу да максималдуу түрдө камсыздалууда", - деп билдирди Кыял Кенжематова.
Ал кошумчалагандай, турист катталаардан мурун атайын медициналык текшерүүдөн өтөт. Дарыгерлер температураны өлчөшөт, коноктордун абалын жана башкаларды текшеришет.
Эгерде COVID-19 илдетинин белгилери жок болсо, анда коноктор бөлмөлөргө тоскоолдуксуз жайгаша алышат.
Ал эми конокто симптомдорду табылса, анда ал мекемеде уюштурулган атайын обсервацияга жөнөтүлөт.
Ошентип, мөөнөтү 72 сааттан ашпаган ПЧР тестинин терс жыйынтыгын же Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган тиешелүү QR коду бар эмдөө сертификатын көрсөтүү менен туристтер өлкөгө жер жана аба жолдору аркылуу келе алышат.