Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн аэропорттору эң кирешелүү тармак экендиги белгилүү. Алар учактардын учуп-конуусу, билет сатуу жана жүргүнчүлөрдү тейлөөдөн тышкары аэропорттун бош жаткан аянтын да автомашиналар токтоочу жайга айландырып алышкан. Бирок ушул бел оорутуп, кол жоорутпаган кызматы үчүн да алар укмуш көп акча алышат. Мисалы, Бишкектеги “Манас” аэропорту ар бир машинадан саатына 60 сом алса, Оштогу аэропорт 30 сом деп өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, баа коюп алган.

Ал эми Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын аэропортунун кире беришиндеги акы төлөнүүчү шлагбаумдун мыйзамсыз орнотулгандыгы аныкталды. 

Көрсө, 2017-жылдын 4-сентябрында №21 Жолдорду тейлөө мекемеси менен “Манас Эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча “Ош-Аэропорт” авто жолунун бир бөлүгү (165 метр), коопсуздукту сактоо жана көрктөндүрүү үчүн “Манас эл аралык аэропортуна” берилген экен. 

Бирок, “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому мыйзамды жана жолду үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салган эки тараптуу келишимди бузуп, “Т.Г” жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга берип салган. Ал эми аталган коом болсо, аэропорттун кире беришине мыйзамсыз түрдө шлагбаум орнотуп, аэропортко кирген ар бир автоунаадан акы алып турган.

2021-жылдын 2-июнунда  Ош шаардык прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга талап келтирилип, “Ош-Аэропорт” атожолуна мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алынып салынды.

Мындан сырткары, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө аталган юридикалык тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимге жолдун пайдалануудагы бөлүгүн субарендага берүү боюнча жалган маалыматтарды киргизүү фактысы аныкталган. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-беренеси (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Булак: “Майдан. kg” гезити