Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Кыргызстан кадимки эле бандиттердин аралы саналган Сицилияга айланып кеткендигин ушундан билиңиз, 7-август күнү таңга маал “Ак-Ордо” конушунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов деген Алга Кылычов аттуу коомчулукка таанылып калган адамдын үйүнө келип, бутуна атты. Кылычовдун жубайынын айтымында, күйөөсү менен калаа кеңешинин депутаты телефон аркылуу кайым айтыша кеткен. Кылычовдун аялы милицияга көп өтпөй эл өкүлү ак түстөгү унаасы менен алардын үйүнө келип, Кылычовду көчөгө чыгуусун суранганын айтып берген. Бирок арадан 10 мүнөттөн кийин ал октун үнүн угуп эшикке чыркап чыгып, күйөөсү кансырап жатканын көргөн.

Окуядан көп өтпөй, Ленин РИИБи Темиркуловду кармагандыгын билдирген болчу.  Ал тергөө маалында убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, ал эми Кылычов Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Баарынан кызыгы, бул эки адам тең КСДП партиясынын мүчөлөрү же азыр абакта отурган мурдагы президент А.Атамбаевдин тарапташтары экендиги болууда. Бирок алардын ортосунда кандай бөлүшө албаган маселе бар экендиги белгисиз.

Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, жакында эле “Сциал-демократтар” партиясынын депутаттары шаардык кеңешке шайланып келишкенин майрамдашкан. Алга Кылычев артисттердин кызмат акысын төлөө боюнча милдетке жооптуу болгон, бирок иш-чарадан кийин аларга төлөнбөй калган. Мындан улам уруш олуттуу жаңжалга айланып кеткендиги айтылууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Социал-демократтар»” 5 мандатка ээ болуп, анын бирин А.Атамбаевдин кенже уулу Кадыр алган.

Мындан тышкары, социалдык тармактарда Кылычев 7-августка караган түнү “таанышынын унаасына таш ыргытты” деп айтылган видео пайда болгон. Андан кийин экөөнүн ортосунда мушташ чыккан. Кылычов мас болгондугу айтылууда.

Бул окуя тууралуу аталган партиянын лидери Т. Султанбеков мындайча түшүндүрмө берди: “Бул партияга тиешеси жок маселе, бул алардын жеке  маселелери. Мен экөө менен тең сүйлөшүп, мындай болбошу керектигин, депутат үчүн шермендечилик экенин айттым.  Бул шермендечилик, сөзсүз четтетүүгө чейин жеткен эң катаал чара көрүлөт. Аларга эң аз дегенде 100 саат коомдук жумушту беришибиз керек деп эсептейм. 10 мүнөт чартаңбай тебишти, эми 100 саат көчө шыпырышсын. Эл алдында күнөөлөрүн жуушсун”. Бирок күнөөлөрү жуулар бекен?

Булак: “Майдан. kg” гезити