Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

1. Эрежеге сыйдырбайм. Эркиндиги бар.

Өз алдынча. Менден көз карандысыз. Жалгыз жашай алат. Көзөмөлдөбөйм. Бирок кандай жоопкерчилиги бар экенин өзү билет.

2. Сабактан “2” алганга уруксат берем. Ал үчүн ызы - чуу чыгарбайм. Жашоодо баадан, өзгөчө башка бирөөнүн берген баасынан көз каранды болбосун.

3. Телефон, компьютерге уруксат берем. Каалашынча отурат. Ал тургай атайы программалоо боюнча курстарга да барат. Технология өнүккөн заман. Келечек ошол жакта болот жана кесиптин баары ошол нерселер менен байланышта болот. “Балам бузулуп кетет” деп корккон жапайычылык. Дээринде болот баары.

4. Балам өз оюн бербейт. Аны бир нерсеге көндүрүш кыйын. Бул сапатын абдан сыйлайм. Туура кылат! Менин оюма кошула бербейт. Өздүк пикири бар. Анын пикирин, сезимин , тандоосун дайым сыйлайм жана эсептешем.

5. Каалагандай эркелетем, кучактайм, өпкүлөйм! Назик же “мамсик” болуп калат деп коркпойм. Канча сүйүүнү белен берсем, ошончо жакшы адам болот жана аялдарды сыйлаганды үйрөнөт. Менден алган сүйүүнү жубайына, балдарына да төгө алат.

6. Урушпайм, какыс - кукус кылбайм. Жөн эле сөз менен жеткиргенге аракет кылам.

7. Балам менен “дене” темасын ачык сүйлөшөм. Сексуалдык тарбияны ата - эне бериш кк деп эсептейм.

8. Өздүк чек арасы бар. Анын отурган бурчуна кийлигишпейм. Телефонун аңтарбайм. Сумкасындагы оокатына уруксатсыз тийбейм. Ал каалабаган нерсени сүйлөшпөйм. Көңүлүнө жакпаса, жедирбейм же кылдырбайм. Кыйнамай жок.

9. Жан дүйнөсүндөгү сезимдерин ачык бөлүшкөнгө аракет кылам. Мен да сезимдеримди сөзгө салып, ачык - айкын айтып берем. Эмнени сезип атканын жана ал сезимдерди кантип чыгарыш кк экенин билиши керек

10. Спортко кызыгуу, эркектик эркин тарбиялашы атасынын мойнунда жана жоопкерчилигинде! Жалгыз, күлгө оонап тууган эмесмин. Ата - бала мамилесине да кийлигишпейм.

11. Ийгиликтүү болууну өзү үйрөнөт. Мен бактылуу болууну, ар бир мөөнөттөн ырахат алууну, учур чакта болуп, баркын сезүүнү, шүгүр кылганды үйрөтүп атам.