"Урматтуу жарандар, ар бирибиз жарандык жоопкерчилик менен эмдөөдөн өтүшүбүз керек. Жаңы окуу жылынын башталышына бир айга жетпеген убакыт калды жана окуу жылы кандай форматта өтөөрү биздин колубузда. Себеби, балдардын ден соолугу жана коопсуздугу баарынан жогору турат.
Урматтуу тейлөө кызматкерлери!
Сиздерден эмдөөдөн өтүүңүздөрдү суранабыз. Сиздер күн сайын көптөгөн адамдар менен иш алып барасыздар, демек оору жуктуруп алуу коркунучу бар", - деди вице-мэр.