Бишкектеги ЦУМда барымтага алынгандар тууралуу маалымат жалган. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Учурда КР УКМК укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен бирге мүмкүн болгон барымта тууралуу кабарлаган адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
КР УКМК адистештирилген кызматтарга атайылап жалган чалуу үчүн административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылууну эске салат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык, жакындап келе жаткан жарылуу, өрттөө же адамдардын өлүмүнө коркунуч келтирүүчү, олуттуу мүлктүк зыян келтирүү же башка оор кесепеттерге алып келүүчү башка аракеттер жөнүндө билип туруп жалган билдирүүгө жоопкерчилик каралган. Андай учурда жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарда же эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн үч жүз өлчөмүнө чейин айыпка же бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштары менен же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат