Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Август айынын аягында кыргызстандыктар бир нече күн эс алышат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан даярдалган 2021 -жылдагы майрам календарына ылайык, жарандар төрт күн катары менен эс алышат. Тагыраагы, 28-августтан 31-августка (ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби күндөрү) чейин иштешпейт.

30-август дүйшөмбүгө туура келгендиктен иш күнү деп эсептелиши керек эле. Бирок анын ордуна кыргызстандыктар 10-майда иштеген.  9-май жекшембиге туш келгендиктен 10-майда эс алуу болору айтылган. Буга байланыштуу өкмөт дем алышты августка жылдырууну чечкен.

Натыйжада кыргызстандыктар августтун этегинде төрт күн эс алмакчы.

Элгезит