Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкек шаарынын мэрлигине келгенден бери андан борбор калааны Оштой таза кылып жиберет деп үмүт арткандар көп. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев мындай үмүт арткандарга жооп кылып билдирүү калтырды:
- Таштанды маселесине карата түштүк жактагы туугандар менен түндүк жактагы туугандардын айырмасы асман менен жердей... менталитет башка... Бул жөнүндө Көлдө далай жыйындарда айткам. Түштүк жакта таң заары ар ким өзүнүн короосунун сыртын жолдун кырына чейин суу сээп шыпырып, таштандыны короосуна алып кирип кетишет. Ал эми биз жакта тетирисинче, көчө жакты эч ким тазалабайт, короосунун ичин тазаласа таштандыны көчөгө жолдун кырына алып чыгып салат. Таштанды маселеси өтө чоң маселе, маданияттын чордонун түзөт... Таштандыны көрүнгөн жерге ыргытып салбай, короо-жайдан тарта кокту-колот, тоо-таш, суу жээктерине чейин тазалыкты сактаганга жетишкен эл гана маданияттуу эл боло алат.