Токио Олимпиадасынан кыргыз балбандары кайтып келгенден бери соцтармактардын кыргызстандык колдонуучуларынын арасында Айсулуу Тыныбекованын жеке жашоосуна байланыштуу талаш-тартыш башталды. Алып баруучу Нурзат Токтосунованын билдирүүсүнөн кийин баары башталды. 

Нурзат Токтосунова: “Кыргызстан жараны катары мен сага ыраазымын! Бул жылдар бою алтын эмес, бриллиант алгандай элге дух берип келдиң. Кийинки олимпиадага барба, үй- бүлө кур, балалуу бол. Аялдык бактың болсун!” - деп жазган. 

Андан кийин башталды... 

Жыбыраган посттор биринин артынан экинчиси Нурзат Токтосуновага каяша айтып жарыяланууда. Назира Айтбекова: "Эрге тий дегендерди уксам кускум келет", - деди. 

Эркин Нурбаев: "Бшка бирөөнүн жеке мейкиндигине  кирбөө керек.  Олимпиадалык күмүштү алган адам эмне кылыш керек экенин жана эмне кылбоону жакшы билет”, - деди. 

Кээ бирлер Токтосунова болгону жакшы тилегин билдиргенин, чынында балбан кыздын жеке жашоону ойлой турган убагы келип жеткенин кыйытышты. 

Бул темага байланыштуу Жолдош Турдубаев мындай билдирүү калтырды:

"Дүйнөлүк олимпиадага катышып, медаль апкелген кыздарыбызга акыл айтам дегендерге кулак кагыш:

Албетте, турмуш куруп, эне болсун деген жакшы тилек. Бирок бул темада ата-энеси, жакын туугандары, сырдаш достору гана, болгондо да жекече, ыгы менен, сөздүн оңу келгенде кеп козгосо, жарашат. "Болду эми, спортуңду (окууңду, илимиңди ж.б.) жыйыштыр, эрге тий!" - деп акыл айткысы келгендер көп, бирок адебин сактайт. Анын үстүнө, ушундай зор ийгиликтерге акылы, эрки, кайраты жеткен кыздарыбыз кантип эле өздөрүнүн жеке бактысын ойлобой, орточо пенделер билгенди түшүнбөй калсын?

Менимче, биздин спортчу кыздар классикалык адабиятты да окуйт, нукура көркөм дөөлөттөрдү тааныйт, практикалык психология боюнча да эң зарыл эрежелерди үйрөнүп жүрөт. Өз тагдыры үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, жети өлчөп бир кескенге даремети жетет!"