"Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн мушташкан видеосу интернетке тараган. Бул тууралуу партиянын лидери Темирлан Султанбеков пикирин билдирди. Айтымында, аларга катаал чара көрүлөт. 

“Бул партияга тийиштүү эмес, экөөнүн ортосундагы мамиле. Экөө менен тең сүйлөштүм. Бул көрүнүш шаардык кеңештин депутаты үчүн уят экенин айттым. Бул маселе боюнча катаал чаралар көрүлөт деп ойлойм, мисалы, партиядан чыгаруу сыяктуу. Бул ишти укук коргоо органдары тергеп жатат, иликтөөнүн жыйынтыгына карата чечим чыгарылат”,-деген ал. 

Окуя 7-августта болгон. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ("Социал-демократтар") Т.Т. партиянын дагы бир мүчөсү Алга Кылычевдин бутуна ок аткан. Алга Кылычев ооруканага, ал эми Т.Т. убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.