Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

27-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын кум” пансионатындагы аттракциондо 18 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочу Станислав Ситников аттракционго суу жеткирүүчү түтүккө кирип кетип, каза болгон. Анда кырсык суу топтой турган түтүктүн тегереги тозулбагандан келип чыккан.

Бул кырсык жергиликтүү бийлик же болбосо пансионаттардын адмнистрациялары үчүн сабак болбоптур. Дегенибиз, Бишкек24 жана Кыргызстан24 медиа-порталына окурманыбыз видео жөнөтүп анда техникалык коопсуздук боюнча эч бир кошумча чаралар көрүлбөй, эс алуучулар үчүн дагы деле коркунуч сакталгандыгын билдирди.

Анда ал видеону чоң кеменин үстүнөн тартып, кеме тегерегинде эс алуучулар сүзүп жүргөндүгүнө күбө болгон. Эгерде кеме ордунан жылып, кеменин винтили айланганда, тегеректе пайда болгон айлампа эс алуучуларды кеменин алдына соруп кетпейби, – деп кабатырланган.


Бишкек24