Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

 2021-жылдын 6-августунда КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнө (Рассалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү) ылайык "Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаевге карата кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул факты боюнча А.Сартбаевдин интернетке жарыялаган материалында аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилерин аныктоо боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды.