Жаңы окуу жылына аз убакыт калды. Мектептерде, билим берүү мекемелериндеги окутуу кандай формада жүрөрү азырынча белгисиз. Реалдуу формада окутууга өтүү да кооптуу болуп турат. Анткени, пандемиялык абал далее жакшы эмес. Миңдеген адамдар күнүнө ковид менен ооруп, күнүнө ондогон адамдар бул өмүр менен кош айтышууда.

Мындай абалда окуучулардын класстарда отуруп билим алуусу албетте, кооптуу. Окутуу кандай формада жүргүзүлөрүн мугалимдердин август кеңешмесинде карала турганын билим берүү министрлигинен билдиришти. Ошондо бул маселе көтөрүлүп, бир чечим кабыл алынат.

Министрликтен ошондой эле жаңы окуу жылына даярдыктар кандай жүрүп атканы боюнча да маалымат берилди. Ал маалыматтарга таянсак, учурга карата мектепке чейин билим берүү мекемелеринин 80 пайызы эмдөөдөн өтүшсө, мектептердеги мугалимдер менен жумушчулардын 78,5 пайызы, башталгыч-кеиптик окуу жайлардын 60 пайызы, атайын орто окуу жайларынын 60,6 пайызы, жогорку окуу жайларындагы педагогдордун 50 пайызы эмдөөдөн өтүштү. Көптөгөн мектептер менен бала бакчалардын кызматкерлери 100 пайыз эмдөөдөн өтүшкөнү белгилүү болду.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити