Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

“Коронавирус келечекте кадимки сасык тумоонун жеңил формасына айланышы мүмкүн. Антителасы барлар да ковид менен ооруй берерин жокко чыгарууга болбойт”. Мындай пикирин Женевадагы антисептиктин формуласын ойлоп тапкан адис Дидье Питте билдирди. “Беш жылдан кийин элдин 100 пайызы, же балким 99 пайызы ковидге каршы антителага ээ болушат. Бирок ковиддин жеңил формасы менен ооруй беришет”, - деди ал.

Анын айтымында, дүйнөдө коронавирустун бир канча түрлөрү бар, бирок алардын көпчүлүгүнө адамдарда бала кезинен эле антитела пайда болот. Ковид-19 да ошолордун бирине айланат.

Ал ошондой эле 2022-жылы дүйнө эли массалык түрдө эмдөөдөн өтүшү керектигин белгиледи. Бул эртерээк ковидсиз жашоого кайтып келүүгө мүмкүндүк берет. Мындан сырткары, балдарды ковидге каршы эмдеп туруу зарылчылыгы пайда болушу ыктымалдыгын да жокко чыгарган жок.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити