- Адам баласы башкага милдет артып көнүп алыптырбыз. Милдеттендирүүнүн, бирөөгө жоопкерчилик артуунун жүгү оор. Баардык үстүбүздөгү жүктү, өзүбүз кыла турчунун баарын башкага асып коюп, ээн баскан абдан жагат.
Балдарыбызга өзгөчө милдеттүүсүң дейбиз. Аларга аскан милдет абдан көп. Укмуш тартиптүү болушу керек, кайрымдуу, жоопкерчиликтүү, бизге ыңгайлуу, сөзүбүздөн чыкпаган, анан көп акча таап, укмуш баккан балабыз болуш керек.
Психологиялык жактан бала чарчап калат андайда. Жөн эле бар экенине кубанып, көп нерсесин кубаттап турсак эле жетиштүүбү дейм.
Айрым балдар тескерисинче ата - энесин милдеттендирет! Доңкоюп алып “Үйлөндүр” деген эркек сырттан бир эсе күлкүлүү, бир эсе жийиркеничтүү көрүнөт. Ата - эне төрөдү, билим берди, эресеге жеткирди. Уядан учуп, калган жашооңду улантып кетүү өзүңдөн. Ата - эне сага андан башка эч нерсеге милдеттүү эмес.
Мамлекет, тууган - урук, жоро - жолдош, бүтүн дүйнө милдеттүү. Сен да бүтүн дүйнөгө милдеттүүсүң деп эле бири бирибизди минип алып, камчылаган, тепкилеген заман! Ар ким өзүнө гана милдеттүү! Башка эч ким эч кимге милдеттүү эмес!