Печать
Категория: Коом
Просмотров: 537

- Пейилди оңдоп, ниетти түздөбөсөк тынчтык болбойт. Көрсөткөнүнө тооба кылып, болгонуна шүгүр кылбаса, ынсап, ыйманга келбейбиз. Жамандыкты аңдыганды, бейбаштыкты токтотпосок оңолбойбуз. Колу - бутун кесип же өлүмгө өкүм жазасы болбосо, кыргыз уурулугун, паракорлугун, коррупциялык ишин токтотпойт. Камаган, кармаган, кустурган сайын күчөп жатат. Кыргыз кой деген нерсени жасайт. Тийбе дегенге тиет. Айтканга карама - каршы, тескери жүрөт.  

Суунун агымына каршы агып жатабыз 30 жылдан бери. 70 жыл коркконубуздан тынч чыдап жүргөн экенбиз.  Эгемендүүлүктү алып, өз алдыбызча билген намазыбызды окуп, бейбаштыкты үйрөндүк. Демократия, сөз эркиндиги деп.  Мына сага, ДЕМОКРАТИЯҢДЫН АРАЛЧАСЫ. Талап - тоноп, приватизация кылып, бөлүп, талкалап, сатып, завод, фабрика, өндүрүш, колхоз, совхоз эч нерсе койбой, тып - тыйпыл кылып бомба түшкөндөй тегиздедик. Бир койду бир бутылка аракка сатып. Кошуналар кылбаганды кылдык. Бардык нерсени талкалап, бүлүндүрүп, тентитип, итке мингизип, пенсияга галош, көгөргөн ун, самын берип, жыртык китеп окутуп, кылгылыкты кылып коюп, көзүн жылтыратып, уялбай "Мен жардам бергени келдим, уурулар ким экен"- деп тура берген кыргыз. Уялбайбыз. Бул тарых.  Эми адам жакпайт. Өзүң өзүңө да жакпайсың. Бирөө үчүн туулуп, жашап жаткандай милдет кыласың. Өзүң эле жакшысың. Баары келесоо, сабатсыз. Сен эле кыйынсың. Жок дегенде биринин сөзү бирине жакпайт. Баары кыйын. Бейбаштык.

Күнөөсү жок, ката кетирбеген адамдын өзү жок бул жашоодо. Жок, аны моюнга алгыбыз келбейт. Кой дегенде коюп калбайбыз. Тилиң өзүңө душман экендигин ойлон. Ойлонбой сүйлөгөн сөзүңдүн, туура эмес баскан кадамыңдын, адам тандашты билбей ар кимге бир тейтеңдеп жармашып, колтукташа жүргөн митингдеги кылыктарыңдын  азабын тартып жатканыңды сезгиң келбейт. Күнөөнү башкадан издейбиз.  "Мен акмын, тазамын" - деп долулук кыла бергенди үйрөндүк.Чөптүн башы шамал болбосо кыймылдабайт. Ойлон, жыйынтык чыгар. Күнөө кимде. Бирөөдө эмес, өзүбүздө.

Өзүмчүлдүк, кайдыгерлик, көрө албастык, ичи тардык өзүңдүн түбүңө жетет. Күнөөнү өзүбүздөн издебесек, өзгөрбөйбүз. Жакшлыкты жайылтып, ийгиликти ашырып, кемчилдикти иреттебесек алдыга жылбайбыз. Бирөөнүн эмгегин баалаганды үйрөнөлү.

Пейил, ниет түздөлүп оңолбосо, сен сабаттуу, сүйлөгүч, гений келсең деле ушул акыбал болот. Трайбалисттик көз караштарга катуу чара көрүлбөсө биримдик болбойт. Ачык чакырык таштап, оюн Фейсбука айтып, элди бөлүп - жарган, ички душмандарга чара көрүлмөйүнчө, ынтымакчылык болбойт. Ушак, карандай караламай, жалаа менен
эч ким ийгилике жетпейт. Кайтаар дүнүйө. Каралоо аракетиң, өзүңдүн жолуңду байлайт. Арам ойлордон кутул, арыл. Жакшылыка умтул. Темирдей тартип болбосо өнүкпөйбүз.